Ахмед Давутоглу Twitterда Газа тууралуу билдирүү жасады
Давутоглу Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы менен сүйлөшкөнүн белгиледи.
Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Израилдин Газага карата кургактыктан кол салуусу тууралуу билдирүүлөрүн Twitterда жарыялады.
Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу жасаган билдирүүсүндө адамзаттык уятынын дагы бир жолу Палестина меселеси менен сындалганына көңүл буруп, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен сүйлөшкөнүн белгиледи. Давутоглу : «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезексиз жыйналуусу үчүн демилге баштоодобуз»,- деди.
Нью – Йорк жана Жиддада Ислам Кызматташтык Уюму менен БУУнун Адам Укуктары Кеңешин да кезексиз жыйынга чакыруу демилгесин алып чыгышкандарын билдирген Давутоглу ислам өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен дайыма байланышта экендерин белгиледи. Давутоглу : «Бардык өлкөлөрдүн Израилдин бул укук тааныбаган кыймылын токтотууга чакыруусун күтүүдөбүз»,- деди.
Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Ияд Медени менен сүйлөшкөнүн белгилеген Ахмет Давутоглу : «Курулушунун себеби Иерусалим болгон Ислам Кызматташтык Уюмунун эртерээк кыймылга өтүүсү боюнча өзү менен кеңештик»,- деди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керриге ислам дүйнөсү жана өлкөдөгү кыжырданууну билдиргенин айткан Давутоглу палестиналыктар кабыл ала турган, улантууга боло турган ок атууну токтотуунун эртерээк түзүлүшү үчүн көз караштарын бөлүшкөнүн жана : «Керриге Израиль кол салуусунун эң кыска убакта токтотулуусу тууралуу талабыбызды билдирдим»,- деген маалымат берди. Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу акыркы мезгилде диалог ичинде болгон Катардын тышкы иштер министри Халид Бин Мухаммед Аль – Аттях менен кайрадан сүйлөшкөнүн да сөздөрүнө кошту.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719035493)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.