Президент Гүл акыркы расмий сапарын Түндүк Кипрге жасайт

Абдуллах Гүл Түркия Республикасынын 11-президенти катары 2007-жылы чет өлкөгө алгачкы сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган болчу.

132693
Президент Гүл акыркы расмий сапарын Түндүк Кипрге жасайт

Президент Гүл акыркы расмий сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасайт.
11-президент катары чет өлкөгө алгачкы сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган Абдуллах Гүлдүн 28-августта аяктай турган кызмат мөөнөтүнүн акыркы расмий сапары да Түндүк Кипр Түрк Республикасына болот.
Гүл ал жерде Кипр түркүнүн өнүгүү жана коопсуздугун камсыздаган 1974-жылдын 20-июлундагы Тынчтык кыймылынын 40 жылдыгына карата иш-чараларга катышат.
Президент Абдуллах Гүл Түркия Республикасынын 11-президенти катары 2007-жылы чет өлкөгө алгачкы сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар