Эрдоган шайлоого карата иш-чараларын улантууда

Эрдоган 10-август Түркиянын келечеги үчүн абдан маанилүү күн болоорун баса белгиледи.

132807
Эрдоган шайлоого карата иш-чараларын улантууда

Президенттикке талапкер жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган шайлоо иш-чараларын кечээ Сакария жана Стамбулда улантты.
Сакариядагы шайлоо үгүттөөлөрүндө Эрдогандын бутасында оппозициядагы партиялар болду.
Эрдоган оппозициянын жаңы шериктештик түзүп курч абал жана уюлдашууну күчөтүүчү саясат жүргүзгөнүн баса белгиледи.
Өкмөт башчы Эрдоган сөзүндө сириялык баш калкалоочуларга да токтолду.
Эрдоган Түркиянын бардык карапайым калктарды колдоосун уланта бере турганын айтты.
Андан соң Стамбулга барган Эрдоган, ал жерде Стамбул достук коому уюштурган ооз ачуу тамагына катышты.
Эрдогандын күн тартибинде Израилдин Газага карай кол салуулары бар эле.
Эрдоган Палестинаны ар дайым колдой тургандарын белгилеп, Жакынкы Чыгышта карапайым элдердин үнү боло турганындарын айтты.
Премьер-министр Эрдоган 10-августта биринчи айлампасы боло турган шайлоого байланыштуу да так сөздөрдү айтты.
Эрдоган 10-август Түркиянын келечеги үчүн абдан маанилүү күн болоорун баса белгиледи.
Бул шайлоодо мурдагы Түркия менен Жаңы Түркиянын ортосунда тандоо жасала турганын белгилеген Эрдоган: «Буюрса жаңы Түркия жеңип чыгат, буюрса гүлдөгөн Түркия жеңет»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар