Барзани Анкарада жолугушуу өткөрдү

Жолугушууларда Түркия менен Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун ортосундагы экономика жана энергетика баш болгон эки тараптуу карым-катнаштар каралды.

129763
Барзани Анкарада жолугушуу өткөрдү

Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месут Барзани кечээ Анкарада жолугушууларды өткөрдү.
Президент Абдуллах Гүл тарабынан Чанкая сарайында кабыл алынган Барзани андан соң Премьер-министрликтин расмий үйүнө өттү.
Барзани премьер-министр Эрдоган менен жолукту.
Премьер-министрликтин маалымат борборунан маалымдашкандай, жолугушууда Иракта ырааттуулук жана коопсуздуктун кайрадан камсыздалышы үчүн жаңы башталгычка муктаждык болгону баса белгиленди.
Ушул алкакта Иракта жалпы шайлоолордун бүтүрүлүшүнөн кийин күтүлгөн өзгөрүүнүн аткарылышы үчүн саясий процесстин ылдам жүргүзүлүшүнүн мааниси баса белгиленгени белгиленди.
Жолугушууда кризис болгон аймактардагы муктаж болгондорго Түркиянын Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы аркылуу аткарылып жаткан гуманитардык жардамдар менен катар Түркия менен Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун ортосундагы экономика жана энергетика баш болгон эки тараптуу карым-катнаштардын да каралганы белгиленди.
Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу да Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месут Барзани менен жорлукту. Жолугушууда Ирактагы саясий абал каралды.
Давутоглу менен Барзанинин жолугушуусунда Ирактагы өкмөт түзүү аракеттери каралып, аймактык башкаруу менен Түркиянын ортосундагы энергетика темалары сүйлөшүлдү.
Жолугушууда террорго каршы күрөштө кызматташтык да күн тартипке келди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар