Жемил Чичек Палестина тууралуу билдирүү жасады

Чичек эл аралык коомдун Жакынкы Чыгышта болуп жаткан зулумчулукка үн чыгарбаганын баса белгиледи

126833
Жемил Чичек Палестина тууралуу билдирүү жасады

Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Жемил Чичек : «Эл аралык коом Жакынкы Чыгышта болуп жаткан зулумчулукка үн чыгарбаса Түркия жакын чөйрөсүндө болуп жаткандарга үнсүз кала албайт»,- деди.
Ислам дүйнөсүнүн балким да эң баш – аламан, санааркатуучу окуяларды жашап жатканын баса белгилеген Чичек : «Түркия буларды карап тура албайт, биз артыбызды сала турган болсок ал жерде болуп жаткандардын бизге таасири тийип жатат»,- деди.
Парламенттин спикери Чичек эл аралык коомдун Жакынкы Чыгышта болуп жаткан зулумчулукка да үн чыгарбаганын баса белгиледи.
Иракта күнөөсүз кишилердин каза болгонун, мекендеринен чыгууга мажбур болушкандарын баса белгилеген Чичек : «Бир канча күндөн бери Палестинада да адамзаттык трагедия болуп жатат. Бала – чака дебестен ракеталар менен адамдар өлтүрүлүүдө»,- деди. Жемил Чичек эл аралык мекемелердин жана бул маселелерди чечүүсү керек болгон кишилердин Израилдин күнөөсүз палестиналыктарды өлтүрүүсүн айыптоодон тартынышпагандарын айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар