ТИКА Босния – Герцеговинада жардам берүүнү улантууда

ТИКА уродинамика аппаратын алып берди

83493
ТИКА Босния – Герцеговинада жардам берүүнү улантууда

Босния – Герцеговинада өткөн жумаларда болгон сел апааты менен бирге жардам берген биринчи мекеме болгон ТИКА бардык тармакта болгондой эле саламаттыкты сактоо тармагында да босниялыктарга жардам берүү улантууда. Мындан мурда бир топ саламаттыкты сактоо мекемелерине жардам берген ТИКА бул жолу да Сараево университетинин клиника борбору болгон балдар хирургия бөлүмүнө уродинамика аппаратын алып берди.
Бул аппараттын жардамы менен балдарда туруктуу жана айыкпаган бөйрөк оорусунун пайда болушуна бөгөт болууга болот.
ТИКАнын берген башка жардамы болсо Сараеводогу кредиттүү жатаканалар мекемесинин жатканаларына керектүү буюмдарды алып берди. 300 керебет, 600 жууркан шейшептери жана 300 жаздык сыяктуу жаткана бөлмөлөрү үчүн колдонула турган бир топ материал жетекчилерге тапшырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар