Афганстандагы жан кечтилик кол салууда үч түрк каза болду

Жан кечти түрк инженерлерди ташыган унааны бутага алды.

79655
Афганстандагы жан кечтилик кол салууда үч түрк каза болду

Афганстандагы жан кечтилик кол салууда 3 түрк инженердин каза тапканы билдирилди.
Кол салуу өлкөнүн чыгышында орун алган Желалабад шаарында болду.
«Ассошиэйтед Пресс» агенттигинин маалыматына ылайык жан кечти түрк инженерлерди ташыган унааны бутага алды.
Нангхаргар провинциясынан жарыяланган билдирүүдө кол салуу инженерлер жумуштарына бара жаткан учурда болду.
Губернатордун катчысы Ахмет Зия Абдулзайи үч түрк жарандын каза тапканын жана бир атуулунун жараланганын айтты.
Кол салууну азырынча эч ким мойнуна алган жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар