Жемил Чичек Финляндиянын парламент спикерин кабыл алды

Жемил Чичек Кипр маселесине токтолду

76705
Жемил Чичек Финляндиянын парламент спикерин кабыл алды


Түркия парламентинин спикери Жемил Чичек Финландиянын парламент спикери Ээро Хейналоманы кабыл алды.
Эки өлкөнүн карым – катнаштарынын 90 жылдык жыйынында Чичек Кипр маселесине да токтолду. Чичек Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Финляндияда өкүлчүлүк куруу талабын билдирди. Финландиянын парламент спикери да өкүлчүлүктүн ачылбашы үчүн бир себептин жок экенин, өлкөсүндө жашаган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарандары аракетке өтүүсү керек деп жооп берди.
Парламенттин спикери Жемил Чичек армян диаспорасынын 1915 – жылдагы окуяларга байланыштуу каралоо кампанияларына да көңүлдөрдү бурду. Биргелеше тарых комиссиясынын түзүлүшүн жакташкандарын баса белгилеген Чичек : «Тарыхыбыз менен беттешүүгө даярбыз. Диаспора ушундай беттешүүдөн качып жатат, парламент жана коомду жаңылтууда. Бул тууралуу сиздин да жоопкерчилик күткөнүбүздү айткым келет»,- деди.
Конок парламент спикери да бул теманын тарыхчылар тарабынан каралуусу керектигин белгилеп : «Биз Түркия менен бирдей позициядабыз»,- деп басым жасады. Финляндиянын Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүк процессине толук колдоосунун дагы бир жолу күн тартибине келүүсү менен Жемил Чичек бул колдоонун Европа Парламентинин шайлоолорунан кийин дагы да маанилүү болгонун айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар