Ахмет Давутоглу Ирак Түркмөн Фронтунун лидери менен жолугушту
Ирак Түркмөн Фронтунун лидери жолугушуудан кийин билдирүү жасады
Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Ирак Түркмөн Фронтунун лидери Эршад Салихи менен жолугушту
Иракта шайлоо процессинин аяктоосунан кийин Анкарага келген Эршад Салихи жолугушуудан кийин жасаган баа берүүсүндө : "Урматтуу министр бир гана биз менен эле эмес бардык ирактык өкүлдөр менен сүйлөшүүдө. Биз түркмөндөрдүн абалы болсо Ирак жана Түркиянын арасында олутуу көпүрө ролун аткарууда жана мындан да баары пайдаланат",- деди.
Салихи Ирактагы шайлоо жыйынтыктарына баа берип жатып бардык класстардын өкүлү болгон өкмөттүн курулушу өздөрү үчүн да абдан жакшы мүмкүнчүлүк болорун баса белгиледи. Ирак Түркмөн Фронтунун лидери Эршад Салихи Ирак түркмөндөрү катары бул өкмөттүн ичинде орун алуулары керектигин, айрыкча коңшу өлкөлөр менен дайыма диалог ичинде болуунун пайдалуу экенин айтты.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.