Президент Гүл эртең Грузияга барат
Гүл Тбилисиде Түркия-Грузия-Азербайжан үчтүк саммитине да катышат.
Президент Абдуллах Гүл расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн эртең Грузияга барат.
Гүл Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвилинин расмий чакыруусу боюнча Тбилисиге барат.
Президент Гүл грузин кесиптеши менен катар өкмөт башчысы Иракли Гарибашвили менен да жолугат.
Эки өлкөнүн ишкерлерин жолугуштура турган Ишкердик форумунда инвесторлорго кайрыла турган президент Гүлдүн сапары Түркия жана Грузиянын ортосундагы стратегиялык ортоктукту дагы да өнүккөн деңгээлге жеткириши жагынан мааниси чоң.
Гүл Тбилисиде Түркия-Грузия-Азербайжан үчтүк саммитине да катышат.
Саммитте Кавказиядагы кызматташтык проекттерине баа берилет жана аймак калктарынын орток кызыкчылыктарына кызмат кылган үчтүк кызматташуунун дагы да өнүктүрүлүшү багытында жаңы кадамдар ташталат...
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.