Эрсин Татар Гутерриштин сунушун бекитти

Гутерриш тарабынан Кипр боюнча атайын өкүл катары сунушталган адамдын Мария Анжела Ольгин Куэльяр экени айтылды.

2075160
Эрсин Татар Гутерриштин сунушун бекитти

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин Кипр үчүн сунуштаган жеке өкүлдүк талапкерин жактырды.

Кипр Түрк агенттигинин (TAK) кабарында, Гутерриш тарабынан Кипр боюнча атайын өкүл катары сунушталган адамдын Мария Анжела Ольгин Куэльяр экени айтылды.

Татардын жеке өкүлдүн бекитилишине байланыштуу билдирүүнү кечээ кечинде Гутерришке жеткиргени белгиленди.

Колумбиянын мурдагы тышкы иштер министри Ольгин Куэльяр мурда БУУдагы туруктуу өкүл болуп иштеген.

БУУнун Башкы катчысы менен жетишилген макулдашуунун алкагында жеке өкүлдүн 6 айга дайындала турганы, анын бирден-бир милдетинин да жаңы жана расмий сүйлөшүү процессин баштоо үчүн эки тараптын ортосунда орток пикир бар же жок экенин иликтөө экени маалымдалды. 



Тектеш кабарлар