Карабахтагы антитеррордук операцияда 192 шейит
Билдирүүдө операция учурунда Армения армиясынын аткылоосунан 1 жарандын каза болгондугу жана 1 жарандын жараланганы да кабарланды.

Азербайжан армиясынын Карабахта жүргүзгөн антитеррордук операцияда 192 шейит кеткени жарыяланды.
Азербайжандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта, операцияда Коргоо министрлигинен 180, Ички иштер министрлигинен 12 кызматкердин шейит болгону, 511 аскердин болсо жараланганы белгиленди.
Билдирүүдө операция учурунда Армения армиясынын аткылоосунан 1 жарандын каза болгондугу жана 1 жарандын жараланганы да кабарланды.
Азербайжан армиясы конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн 19-сентябрда Карабахта антитеррордук операция баштаган.
Карабахтагы мыйзамсыз армян куралдуу күчтөрү болжол менен 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштаган.
Тектеш кабарлар

Казакстанда жатканада өрт чыкты
72 адам жашаган жатаканадан чыккан өрттүн себеби азырынча тактала элек.