Ирактагы түркмөндөр өкмөттө өкүл болууну каалашат

Борбор шаары Багдаддагы Ирак Түркмөн фронтунун имаратында чогулган түркмөн лидерлери маалымат жыйынын өткөрүштү.

1896456
Ирактагы түркмөндөр өкмөттө өкүл болууну каалашат

Ирактагы түркмөндөр жаңы өкмөттө аларга министрлик берилбегенин билдирип, бул чечимдин кайра каралышын талап кылышты.

Борбор шаары Багдаддагы Ирак Түркмөн фронтунун имаратында чогулган түркмөн лидерлери маалымат жыйынын өткөрүштү.

Ирак Түркмөн фронтунун төрагасы Хасан Туран: «Террорчулукка каршы күрөшкө катышкан жана Ирактын биримдиги үчүн күрөшкөн түркмөндөргө жаңы министрлер кабинетинде министрлик берилбей жатканын таң калуу менен көрүп жатабыз»,- деди.

Иракта өкмөттү куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан саясий партияларды чакырык салган Туран, жаңы кабинетте түркмөндөрдүн көз жаздымда калган бул чечиминин кайра каралышын талап кылды.

Туран Бириккен Улуттар Уюмунун Ирактагы өкүлчүлүгүн да кызматка чакырып, жаңы өкмөттө түркмөндөрдүн өкүлдөрү болушу үчүн саясий партияларга басым жасоо керектигин айтты.

Ирак Түркмөн фронтунун Керкүктөн эл өкүлү Эршат Салихи да өкмөттү түзүү милдети жүктөлгөн Мухаммед Шия эс-Суданиге түркмөндөрдүн Ирак өкмөтүндө жана мамлекетинде өкүл болуусу боюнча чакырык таштады.

Ирак парламентинде 13-октябрда өткөн отурумда президент болуп шайланган күрт саясатчысы Абдуллатиф Рашид өкмөттү куроо милдетин шийилердин премьер-министрлигине талапкер Мухаммед Шиа эс-Суданиге тапшырды. Конституцияга ылайык, Судани өз кабинетин түзүп, эң кеч бир айдын ичинде Парламенттин бекитүүсүнө тапшырышы керек.



Тектеш кабарлар