Түркмөнстандын президенти Эрдоганга сакайып кетишин тилеген билдирүү жарыялады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов президент Эрдоган менен жубайынын тезирээк сакайып кетишин каалады.

1774470
Түркмөнстандын президенти Эрдоганга сакайып кетишин тилеген билдирүү жарыялады

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) тести позитив болуп чыккан президент Режеп Таййип Эрдоганга жана анын жубайы Эмине Эрдоганга дүйнөлүк лидерлерден сакайып кетишин тилеген кабарлар келип жатат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов президент Эрдоган менен жубайынын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Расмий Түркмөнстан гезитинде жарыяланган билдирүүгө караганда, Бердымухамедов Эрдоганга жакшы каалоолорун айтты.

Бердымухамедов президент Эрдоганга жолдогон кайрылуусунда: «Урматтуу бир тууганым, жубайыңыз экөөңүздөрдүн тезирээк сакайып кетишиңиздерди чын дилимден каалайм. Бул ооруну күч-кубатыңыз, күчтүү эркиңиз менен тезирээк жеңесиз деп ишенем. Алла Тааладан сизге ден соолук, узун өмүр каалайм»,-деди.



Тектеш кабарлар