Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун июнь айында Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарында электр энергиясын импорттоо боюнча келишим түзүлгөн.

1689602
Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат
Sadır Caparov Türkmenistan 13.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 10.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 22.jpg

Кыргызстан Түркмөнстандан 501 миллион 900 миң киловатт-саат электр энергиясын импорттойт.

Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги тараткан билдирүүдө, электр энергиясын экспорттоону караган келишимге Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев менен Түркмөнстандын Энергетика министри Чармырат Пурчеков кол койгону айтылган.

Буга ылайык, Кыргызстан жылдын аягына чейин Түркмөнстандан 501 миллион 900 миң киловатт-саат электр энергиясын импорттойт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун июнь айында Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарында электр энергиясын импорттоо боюнча келишим түзүлгөн.



Тектеш кабарлар