Казакстанда шайлоо демократиялык чөйрөдө өттү

Казакстандагы эрте президенттик шайлоодо учурдагы президент Касым Жомарт Токаев добуштардын 40, 76 пайызын алды.

1215737
Казакстанда шайлоо демократиялык чөйрөдө өттү

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламентардык ассамбелясы ТҮРКПАнын шайлоону байкоо делегациясынын төрагасы, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Стамбул депутаты Исмет Учма Казакстанда эрте президенттик шайлоонун демократиялык  чөйрөдө өткөндүгү аныкталгандыгын айтты.

Казакстанда шайлоого катышуунун 77, 4 пайыз болгондугун байкаган ТҮРКПА жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңеши Түрк Кеңешинин делегациясы пресс  - жыйын өткөрдү.

Учма Казакстанда жети талапкер жарышкан шайлоодо конкуренция чөйрөсүнүн түзүлгөндүгүн жана аял талапкер Дания Эспаеванын катышуусу менен жыныстык тең укуктуулуктун өнүгүшүнө карата маанилүү бир кадамдын ташталгандыгы байкалгандыгын белгиледи.

Шайлоо күнү байкоочу делегациянын Нур Султан, Алматы, Чымкент жана Түркистан да болгон 4 шаарда шайлоо участкаларына барып добуш берүүнүн бардык баскычтарын карап чыгышкандарын айткан Учма : «Добуштардын берилиши жана саноо учурунда партиялардын жана башка байкоочулардын добуштардын берилиши жана саналышын текшергендиги байкалды. Президенттик шайлоо тынчтык чүйрөсүндө өттү»,- деди.

Түрк Кеңешинин башкы катчысынын орун басары жана Нур Султан шайлоону байкоо делегациясынын төрагасы Гисмат Гөзалов да элдин эркин добуш бериши үчүн бардык башкаруу чаралардын көрүлгөндүгүн белгилеп : «Мыйзамдарына ылайык бардык жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын тарапсыз иштеши үчүн керек болгон бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Шайлоого улуттук жана эл аралык байкоочулардын катышуусу шайлоо процессинин тунуктугун жана легитимдүүлүгүн күчтөндүрүүдө»,- деди.

Шайлоодо саноо процессинин да мыйзамдын негизинде болгондугун айткан Гөзалов  шайлоо жыйынтыктарына таасирин тийгизе турган олуттуу техникалык маселелердин болбогондугун билдирди.

Казакстандагы эрте президенттик шайлоодо учурдагы президент Касым Жомарт Токаев добуштардын 40, 76 пайызын алды.



Тектеш кабарлар