Кыргызстандык дарыгерлер Анкарада чогулду

Дарыгерлер бири-бири менен таанышып, кесиптик жагдайлар боюнча баарлашышты

1192981
Кыргызстандык дарыгерлер Анкарада чогулду
KIRGIZ_DOKTORLAR1.jpg
KIRGIZ_DOKTORLAR3.jpg
KIRGIZ_DOKTORLAR4.jpg
KIRGIZ_DOKTORLAR6.jpg

Жыл сайын болуучу салтка айланган Түркиядагы кыргыз дарыгерлердин пикниги бул жолкусунда да эң мыкты деңгээлде Анкара шаарында өттү.
Пикникке келгендердин саны 70ке жетип, алардын көпчүлүгүн Кыргызстандан университетти бүтүрүп билим сапатын жакшыртуу максатында ординатурага тапшыргандар жана Түркиянын чоң шаарларында дарыгер болуп эмгектенген кыргыздар түздү. Ошону менен бирге Кыргызстанга таанымал,  Түркияда сыйга ээ болгон белгилүү хирург- трансплантолог Эркин Орозакунов катышып, жаш дарыгерлерге кеңеш-насааттарын айтып  ийгилик каалап кетти. Ошондой эле дарыгерлер бири-бири менен таанышып, кесиптик жагдайлар боюнча баарлашышты.
   Пикниктин башкы максаты ынтымакты , биримдикти чыңдоо болуп ар түрдүү улуттук оюн-зооктор, даам-татымдар менен коштолду. Дарыгер жаштарды бириктирген эң негизги максат- билим сапатын жакшыртып, иш тажрыйбасын өркүндөтүп мекенге кайтып кызмат кылуу экенин белгилеп кетсек болот.


Этикеткалар: #кыргыз дарыгерлер

Тектеш кабарлар