Казакстанда абанын температурасы -35тен дагы төмөндөдү
Казакстан гидрометеорология борборунан берилген маалыматта күндүз – 27 болгон абанын температурасы түнкү сааттарда - 37ден төмөндөй тургандыгы, суук абанын жуманын акырына чейин улантылары билдирилди.
![Казакстанда абанын температурасы -35тен дагы төмөндөдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4d5c/3153/4bd7/5c5bef1635d79.jpg?time=1719239671)
Казакстандын борбор шаары Астана жана Караганда, Павлодар менен Чыгыш Казакстан аймактарында абанын температурасы – 35 градустан дагы төмөндөшү менен мектептер каникулга чыкты.
Астана губернаторлугу Коомдук саламаттык сактоо башкаруусу шейшемби күнү башталган суукта 14 кишинин дарыланып жаткандыгы жана алардын ичинен төртөөсүнүн балдар экендиги, бул кишилердин саламаттыгынын жакшы экендигин билдирди.
Губернаторлук шаар тургундарынын ысына ала турган жабык аялдама тизмесин жарыялап, губернатор Бахыт Султанов да элди суукта тышта калган кишилерге карата сезимталдуу болууга чакырды.
Астана өзгөчө абалдар департаменти элди машина менен узун жолго чыкпоо жана мажбур болмоюнча тышка чыкпоо боюнча эскертти. Бир тараптан Караганда, Павлодар жана Чыгыш Казакстан аймактарында да билим берүүнүн токтотулгандыгын маалымдалды.
Казакстан гидрометеорология борборунан берилген маалыматта күндүз – 27 болгон абанын температурасы түнкү сааттарда - 37ден төмөндөй тургандыгы, суук абанын жуманын акырына чейин улантылары билдирилди.
Тектеш кабарлар
![Азербайжанда мурдагы кылмышкер полиция менен кагылышты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fdb9/67bb/4226/66503a197b7b4.jpg?time=1719239671)
Азербайжанда мурдагы кылмышкер полиция менен кагылышты
Азербайжанда издөө жарыяланган мурдагы туткун 3 полиция кызматкерин жана 1 жаранды өлтүрдү.