Түркистан жаңы формасына ээ болот

Казакстандын Түркистан аймагынын губернатору Жансеит Түймебаев 1500 жылдык тарыхы бар Түркистан шаарынын жаңы формага ээ болорун айтты.

998080
Түркистан жаңы формасына ээ болот

Казакстандын Түркистан аймагынын губернатору Жансеит Түймебаев Президент Нурсултан Назарбаев тарабынан аймактын борбору деп жарыяланган, 1500 жылдык тарыхы бар Түркистан шаарынын жаңы формага ээ болорун айтты.

Казакстандын мурунку Анкара элчиси болгон Түймебаев Түркистан шаарында өткөрүлгөн Түштүк Казакстан аймагынын Түркистан аймагы катары өзгөртүлүшү жана аймак борборунун Түркистан шаарына көчүү аземинде сөз сүйлөдү.

Түркистан аймагынын башкаруучусу Түймебаев казак хандыгынын борбору жана түрк дүйнөсүнүн руханий борбор шаары болгон Түркистан аймагын түзүүнүн маанисин баса белгиледи.

Түркистан шаарына аймактын борбору статусун берүү чечиминин терең маанисинин бар экендигин белгилеген Түймебаев : «Бул оң кадам тарыхый баалуулуктардын жанданышын, аймактын социалдык жана экономикалык потенциалынын өсүшүнө жана жергиликтүү калктын турмуш сапатын жакшыртышына мүмкүнчүлүк түзөт. 1500 жылдык тарыхы болгон шаар жаңы формага ээ болот»,- деди.

Президент Назарбаевдин Түркистан аймагына абдан чоң маани бергендигин айткан Түймебаев 1991 -  жылы президенттин демилгеси менен Түркистанда түрк  - казак Эл аралык Кожо Ахмет Яссаву университетинин курулгандыгын да эске салды.



Тектеш кабарлар