Чавушоглу Өзбекстанга барат

Өзбекстанда «Ташкент конференциясына» катышат.

937982
Чавушоглу Өзбекстанга барат

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, эртең Өзбекстанда «Ташкент конференциясына» катышат.

Конференцияда Ооганстандагы тынчтык процесси каралмакчы.

Ооганстан тууралуу Ташкент конференциясына, Түркия менен катар АКШ, Орусия, Ооганстан жана Пакистан да арасында болгон 20 өлкөдөн өкүлдөр катышат.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаттары боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини да конференцияда болот.

Конференциянын аягында Талибанга, ооган өкмөтү менен бир үстөлгө олтуруусу темасында чакырык салынышы күтүлүүдө.

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Өзбекстанда жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөт. Чавушоглу, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев тарабынан кабыл алынып, өзбек кесиптеши Абдулазиз Камилов менен жолугат.



Тектеш кабарлар