Тажикстан-Өзбекстан визасыз саякат

Президент Шавкат Мирзиеев өкмөттөр аралык келишимди бекитти.

930194
Тажикстан-Өзбекстан визасыз саякат

Тажикстан жарандары 17 жылдык мөөнөттөн кийин Өзбекстанга визасыз саякат кыла алышат.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда Шавкат Мирзиеев, 9-мартта Тажикстанга жасаган расмий сапары убагында президент Имамали Рахмат менен кол койгон «Өзбекстан менен Тажикстан жарандарынын эки тараптуу саякаттарын» көздөгөн өкмөттөр аралык келишимди бекитти.

Буга ылайык Тажикстан жарандары 16-марттан тарта баштала турган ишке ашыруунун алкагында 30 күн бою Өзбекстанда визасыз жүрө алышат.

Мирзиеев тарабынан кол коюлган жарлыкта: «Нооруз майрамы арапасында эки өлкөнүн элдеринин эки тараптуу түрдө бири-бирлерине бара алуулары үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлүүсү максатында, аты аталган келишимдин расмий күчүнө киргенге чейин Тажикстан жарандарына убактылуу колдонулушуна чечим чыгарылгандыгы» билдирилди. Ал эми Өзбекстан жарандарынын Тажикстанга визасыз саякат кылууларына байланыштуу ишке ашыруунун качан күчүнө кире турганы темасында кийинчерээк маалымат бериле турганы баяндалды.

Эки өлкөнүн ортосунда суу жана энергетика ресурстарынын колдонулушу менен талаштуу чек ара аймактарына байлнаштуу келишпестиктер 20 жылдан бери уланып келе жатса, тараптардын ортосунда 2001-жылы эки тараптуу виза режими башталган жана 1 миң 300 километрдик орток чек арадагы айрым чек ара бекеттери жабылган болчу.

 



Тектеш кабарлар