Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыгы

Сооронбай Жээнбеков 54, 22 пайыздык добуш катнашы менен 914 миң 806 шайлоочунун колдоосун алды.

827442
Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыгы

Кыргызстанда кечээ болгон президенттик шайлоодо Социал демократ партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков биринчи турда жеңип чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова үкөктөрдүн баарына жакынынын ачылгандыгын белгилеп : «15 -  октябрдагы президенттик жарышта шайлоочулардын 55, 93 пайызы добуш берди»,- деди.

Шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун жеңип чыккандыгын айткан Шайлдабекова саналган добуштарга караганда Жээнбековдун 54, 22 пайыздык добуш катнашы менен 914 миң 806 шайлоочунун колдоосун алгандыгын билдирди.

Шайлдабекова 11 талапкерлүү президенттик шайлоодо Республикалык партиянын лидери Өмүрбек Бабановдун 33, 47 пайыздык, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун 6, 41 пайыздык, «Ак Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариевдин 2, 54 пайыздык добуш алгандыгын билдирди. Шайлдабекова шайлоо мыйзамы боюнча так жыйынтыктардын 20 күндүн ичинде билдирилерин айтты.

Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын кечээ шайлоонун жеңгенин билдирүүсүнөн кийин Социал демократ партиясынын борборунда куттуктоо болду.

Жээнбеков куттуктоодо кыскача сөз сүйлөдү.  Өз командасына рахмат айтып : «Кыргызстан бүткүл дүйнөгө эгемендүү, көз карандысыз жана демокриялык өлкө экендигин көрсөттү»,- деди.

Президент А. Атамбаевдин саясатын улантарын айткан Жээнбеков : «Акыркы алты жылда көптөгөн нерсе аткарылды. Менин милдетим булардын баарын коргоо жана күчтөндүрүү. Элимин жана өлкөмүн алдында абдан чоң жоопкерчиликти сезип жатам»,- деди.

 



Тектеш кабарлар