Кипр маселесин сүйлөшүү Женевада уланат

3 күнгө созула турган жолугушуулардын алдында тараптар кечээ координация жыйналышында чогулуп иш планын белгилешти.

647211
Кипр маселесин сүйлөшүү Женевада уланат

Кипр маселесине чечим табыш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун карамагында уланган сүйлөшүүлөр Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Мустафа Акынжы жана Рум лидери Никос Анастасиадистин катышуусунда бүгүн Швейцариянын Женева шаарында уланат.

3 күнгө созула турган жолугушуулардын алдында тараптар кечээ координация жыйналышында чогулуп иш планын белгилешти.

Жыйналышта жетишилген макулдашууга караганда тараптар алгачкы күнү сүйлөшүүлөргө кыймылсыз мүлк темасын сүйлөшүп башташат.

Башкаруу жана күч бөлүшүү темалары каралып жатканда коопсуздук жана кепилдиктер темасы боюнча да акыл-калчоо түрүндө жолугушуу өткөрүлөт.

Экинчи күнү болсо алгачкы күнкү сүйлөшүүлөр бүтүрүлбөй калса башкаруу жана күч бөлүшүү темасы менен уланат.

Европа Биримдиги, экономика жана чечүүчү жолдун финансыланышы темалары да экиничи күнү карала турган темалар болот.

Шаршемби күнү болсо эң орчундуу темалардан бири болгон жер темасы сүйлөшүлөт.

Үчүнчү күнкү сүйлөшүүлөр кыймылсыз мүлк жана макулдашыла албаган калган темалардын каралышы менен бүтүрүлөт.

Ушундайча бештик саммиттин алдында эки тараптын ортосундагы сүйлөшүү процесси бүтүрүлгөн болот.

Буга кошумча БУУнун баш катчысы Антонио Гетеррес, эки лидер менен тең телефондо сүйлөшүү өткөрүп, процесс туурасында пикир алмашты.

Бир тараптан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы, Швейцарияга бараар алдында «Эржан» аэропортунда маалымат жыйын өткөрүп, «Женевада сөзсүз бир жыйынтык чыгат»,-деп айта турган жерде эмес экендиктерин билдирип, этият болуп, бир нерсенин болоору болду деген нерсеге жеткирилбеши керектигин жактады.

Акынжы тараптардын бирдей чечкиндүүлүк, жоопкерчилик жана аракетти көрсөткөн учурунда, Кипрде теңдик, эркиндик жана коопсуздук ичинде эки коомчулуктун тең тынчтык жана бакубат турмуш кура турган чечим табуунун мүмкүн экенин баса белгиледи.

Мустафа Акынжы: «Женевада эгерде рум тарабынын жаңылыштыктары алдыңкы планга чыгып, кааланган эки тараптуу чечимге жетүү мүмкүн болобосо ТКТР демократиялуу, светтик, эркин коом катары жолун улантат»,-деди.



Тектеш кабарлар