Кылымдын долбоору

Кылымдын долбоору өз ишин улантууда

597243
Кылымдын долбоору

Кылымдын долбоору Баку-Тбилиси-Жейхан түтүк жолунан 124 айдын ичинде ташылган мунай заттын көлөмү 2 миллиард 575 миллион беррелге жетти.

Түрк кысыктарын танкер тыгынынан жеңилдеткен түтүк жол, батышка үзгүлтүксүз жана коопсуз энергетика агымын камсыздашынан улам стратегиялык мааниге ээ.

3 жарым миллиард доллар сарпталган Баку-Тбилиси-Жейхан чийки мунай зат түтүк жолунун узундугу орто эсеп менен 2 миң километр.

Бул түтүк жол аркылуу Азербайжан мунайы Грузия аркылуу Жейхандагы деңиз терминалына, бул жерден да танкерлер менен дүйнөлүк базарга жеткирилүүдө.

Баку-Тбилиси-Жейхан чийки мунай зат кууруна танкерлер менен иштетилбеген мунай зат алгач ирет 2006-жылы 2-июнда жеткирилген болчу.



Тектеш кабарлар