Түндүк Кипр Түрк Республикасында лидерлер сүйлөшүүсү

Президент Мустафа Акынжы октябрь айында күн тартиби мурунтадан белгиленген эң аз тогуз сүйлөшүү өткөрүүнү максат кылышкандарын айтты

582882
Түндүк Кипр Түрк Республикасында лидерлер сүйлөшүүсү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы Кипр  сүйлөшүүлөрү тууралуу 2016 - жылдын акырында бардык темаларды камтыган саясий чечүүчү жолго жетишүүнү максат кылышкандарын айтты. 

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен Кипр рум бөлүгүнүн лидери Никос Анастасиадис БУУнун текшерүүсү астындагы тарапсыз аймакта кайрадан жолугушту. Президент Мустафа Акынжы жолугушуудан кийин сүйлөшүүлөрдүн жаңы баскычына байланыштуу октябрь айында күн тартиби мурунтадан белгиленген эң аз тогуз сүйлөшүү өткөрүүнү максат кылышкандарын айтты. 

Мустафа Акынжы эки тараптын бирдей чечкиндүүлүк менен сүйлөшүүлөрдү улантуусу жана бир тоскоолдук болбосо 2017 - жылдын ортосунда референдумдун өткөрүлө аларын айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар