Анкара университетинде Түркология күнүнө арналган симпозиум өттү (видео)

Анкара Университетинин тил, тарых жана география факультетинин «Фараби» залында Түркологдордун кезектеги  алтынчы симпозиуму болуп өттү.

488499
Анкара университетинде Түркология күнүнө арналган симпозиум өттү (видео)

Кечээ, Анкара Университетинин тил, тарых жана география факультетинин «Фараби» залында Түркологдордун кезектеги  алтынчы симпозиуму болуп өттү. Аны окуу жайдын  Тил, тарых жана география  факультутинин Заманбап түрк диалектика жана адабияттар бөлүмү уюштурду.

Симпозиумга Торонто жана Стамбулдагы жогорку окуу жайларынан келген окумуштуулар, Анкара университетинин  профессор-докторлору, окутуучулар жана студенттер катышты.

Алгач жыйынды бөлүмдүн уюштуруучусу,  окутуучу Рыза Хейет ачып, анын максатына кыскача токтолду. Анын  айткандарына караганда бул симпозиумдун максаты-дүйнөдөгү түрк тилдеринин өнүгүшү, аны изилдөөнүн абалы, ал тилде окутуунун деңгээли  тууралуу илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана  аларды атайын эмгек кылып  жарыкка чыгаруу болуп саналат.

Алгачкы сөз Заманбап түрк диалектика жана адабияттар бөлүмүнүн башчысы, профессор Сема Барутчуга берилди. Ал түрк тилдеринин изилдөө иштерине кенен токтолуп өттү.

Отурумду Анкара университетинин  профессору  Мелек Ердем айым алып барды. Андан кийин  Стамбулдагы Йедитепе университетинен келген доценти Баабек Жебаншир Түрк доорундагы түрк терминдери тууралуу доклад окуду. Ал эми Анкара университетинин доценти  Алем Лабиб Афганистандагы түрк тилинде билим берүүнүн учурдагы абалын кенен-кесир айтып берди. Канаданын Торонто шаарынан келген доктор Хангелди Овлук Иран түркмөндөрүнүн тил тармагындагы иш-чаралары тууралуу доклад окуду. Андан кийин Анкара университетинин илим изилдөөчү кызматкери Үмит Шахин Саха (Якутия) түркчөсүндө  билим берүүнүн тарыхы тууралуу айтып берди.

Андан соң экинчи отурум башталып, аны доцент Мурат Жеритоглу башкарды. Анда Анкара университетинин окутуучусу, доц. Исмет Кылыч, изилдөөчү кызматкер Букет Ялчын жана окутуучу доц.Бабек Шахед өз баяндамаларын окуп беришти.

Иш-чаранын аягында студенттер бардык түрк тилдеринде уюштурулган чакан концертин беришти. Анда проф.Гүлзура Жумакунова айымдын демилгеси менен Токтогул Сатылгановдун ырлары да окулду.

ТРТнын "Түркия үнү" радиосу үчүн "Кабар" маалымат агенттигинен Турдубек Осонов 

 

 



Тектеш кабарлар