Азербайжан виза жеңилдигин киргизүүдө
Азербайжан бир канча өлкөгө виза жеңилдигин киргизип, туризмин жандантууда.
424849
![Азербайжан виза жеңилдигин киргизүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/00ef/7b76/2995/56a74c327799c.jpg?time=1719285151)
Азербайжандын тышкы иштер министрлиги маалымдагандай туризм саякаттарын жана иш карым-катнаштарын шыктандыруу максатында 2016-жылдын 1-февралынан баштап Катар, Оман, Сауд Арабия,Бахрейн, Кувейт, Япония, Кытай, Түштүк Корея, Малайзия, жана Сингапур жарандары үчүн жеңилдетилген виза режими киргизиле турганын жарыялады.
Аты аталган өлкөлөрдүн жарандары Азербайжандын аэропортунда виза алышса болот. Ушундай эле укук өткөн жылдын ноябрь айынан бери Бириккен Араб Эмирликтеринин жарандарына берилгени белгиленди.
Тектеш кабарлар
![Азербайжанда мурдагы кылмышкер полиция менен кагылышты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fdb9/67bb/4226/66503a197b7b4.jpg?time=1719285152)
Азербайжанда мурдагы кылмышкер полиция менен кагылышты
Азербайжанда издөө жарыяланган мурдагы туткун 3 полиция кызматкерин жана 1 жаранды өлтүрдү.