«Лотос кыз» аттуу спектакль-балеттин бет ачары болот

13-декабрда Т.Сатылганов атындагы филармонияда «Лотос кыз» аттуу спектакль-балеттин бет ачары болот.

404263
«Лотос кыз» аттуу спектакль-балеттин бет ачары болот

Бишкектеги «Тунгуч» театры «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен Жаңы жыл майрамына карата кытай эл жомокторунун негизинде «Лотос кыз» аттуу жаңы музыкалык спектаклди даярдады. Бул тууралуу фонддон билдиришти.
Кытай эл жомоктору өздөрүнүн фантастикалык сюжеттери менен атактуу, ал жерде негизги каармандар жөнөкөй гана адамдар эмес, ошондой эле ажыдарлар, сыйкырчылар, жиндер дагы болушу мүмкүн. Кытай мифологиясында ажыдар Ян жакшы иштердин башталышы катары белгиленет жана кытай элинин бардык тескери жамандыктардан коргоочу тумары болуп саналат. Ажыдарда бардык жаныбарлардын сапаттары чогулган бул: төөнүн башы, бугунун мүйүзү, жиндин көздөрү, жыландын моюну, балыктын териси, бүркүттүн тырмактары, жолборстун таманы жана уйдун кулактары.
Спектаклды КРнын эл артисти Жамал Сейдакматова койгон.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар