Мустафа Акынжы сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди

Президент Мустафа Акынжы Кипрде эки тарап да кабыл ала турган туруктуу чечүүчү жолду максат кылышкандарын айтты

316704
Мустафа Акынжы сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди

Кипрде жүргүзүлгөн сүйлөшүү процесси тууралуу басма сөзгө билдирүү жасаган Акынжы маселенин чечилүүсү үчүн эми жогото турган убакыттын жок экенин айтты.
Акынжы сүйлөшүү процессинде эң көп башкаруу жана күч бөлүшүүнүн каралганын жана чоң катнашта макулдашуунун түзүлгөнүн белгиледи. Саясий теңдиктин өздөрү үчүн чечүүчү жолдун эң негизги элементтеринин бири экенин айткан президент Акынжы бул тармакта чоң катнашта макулдашуунун түзүлгөнүн билдирди.
Алмашып туруучу башкаруучулук тууралуу азырынча макулдашуунун түзүлбөгөнүн белгилеген Акынжы : «Бул теманы саясий теңдигибиздин бөлүнгүс бир бөлүгү катары көрүүдөбүз»,- деди.
Чечүүчү жол процессинин «БУУнун процесси» экенин да эске салган Акынжы Европа Биримдигинин техникалык жактан жардам берерин баса белгиледи. Мустафа Акынжы мал – мүлк жана гарантиялар тууралуу болсо сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычында караларын сөздөрүнө кошту.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар