Кытайдын уйгурларга кысымы

Кытай бийлигинин уйгурларга кысым көрсөтүү саясаты Рамазан айында да уланып жатат.

314048
Кытайдын уйгурларга кысымы


Мамлекеттик кызматкерлер менен студенттердин орозо кармашына тыюу салынгандан кийин эми уйгур кыштагында Разаман күнү пиво фестивалы өткөрүлдү.
Уйгурлар жашаган Ния кыштагында элдин көпчүлүгү алкоголь ичпегенине карабастан Раман күнү пиво фестивалы уюштурулду.
Фестивалдын көрүнүштөрү да райондун губернаторлугунун интернет барагында жарыяланды жана ушул сыяктуу уюштуруулар аркылуу заманбапташуунун өлкөнүн элет жерлерине алынып барылганы баса белгиленди.
Дүйнөлүк уйгур конгресси калктын ишенич жана маданиятын эске албаган бул фестивалды провокация деп мүнөздөдү.
Акыркы жылдарда күчөгөн чыңалуулардын себебинен жүздөгөн уйгур өлтүрүлгөн жана миңдегени камакка алынган Кытайда Пекин башкаруучулугу эл аралык байкоочулардын абалды текшерүүлөрү үчүн өлкөгө кирүүсүнө да уруксат бербей келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар