Түрк коргонуу өнөр жайы ADEX 2024 жарманкесинде өз ордун алды

Коргоо өнөр жайынын төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда 5-ирет өткөрүлө турган ADEX 2024 эртең Баку Экспо борборунда эшигин ачат.

2190408
Түрк коргонуу өнөр жайы ADEX 2024 жарманкесинде өз ордун алды

Азербайжандын борбор шаары Бакуда 24-26-сентябрь күндөрү өтө турган Азербайжан эл аралык коргонуу өнөр жай жарманкесинде (ADEX 2024) эң көп фирма менен катышкан өлкө Түркия болот.

Коргоо өнөр жайынын төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда 5-ирет өткөрүлө турган ADEX 2024 эртең Баку Экспо борборунда эшигин ачат.

Жарманкеде түрк коргонуу өнөр жай ишканалары чыгарган түрдүү платформалар жана системалар катышуучуларга тартууланып, алдыңкы технологиялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматтар берилип, кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү бааланат.

Жарманкеге дүйнөнүн төрт бурчунан, өзгөчө Евразия жана Кавказ өлкөлөрүнөн расмий делегациялардын келиши күтүлүүдө.

26-сентябрга чейин улана турган жарманкеде коргонуу техникасы тармагында дүйнөнүн эң чоң өндүрүүчү жана иштеп чыгуучу фирмаларын, өлкөнүн коргоо министрлери жана башкы штаб башчылары сыяктуу көптөгөн жогорку деңгээлдеги аскерий жетекчилер менен жолугушуу максат кылынууда.



Тектеш кабарлар