Түрк тили курултайы башталды
Курултай Ататүрк атындагы маданият, тил жана тарых жогорку мекемесинин жаңы имаратында өтүүдө.
Түрк дүйнөсүнүн тилчилери чогулду.
21 өлкөдөн 167 изилдөөчү катышкан 10-Түрк тили курултайы борбор шаар Анкарада башталды.
Курултай Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку мекемесинин жаңы имаратында өтүүдө.
Курултайдын биринчи күнүндө Түрк Мамлекеттери Уюмунун Орток алфавит комиссиясы тарабынан Азербайжандын борбору Бакуда кабыл алынган 34 тамгадан турган "Орток түрк алфавити" макулдашуусу талкууланды.
Түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштардын дагы да бекемделе тургандыгы баса белгиленди.
Катышуучулар тилдин улуттар үчүн маанилүүлүгүнө да көңүл бурушту.
Курултайдын ачылыш аземинде "2024-жылы Түрк тилине кызмат сыйлыктары" тапшырылды.
Курултай 27-сентябрь жума күнүнө чейин уланат. "10-Түрк тили курултайынын жыйынтык билдирүүсү" коомчулукка жарыяланат.