Орусия Өзбекстандын билдирүүсүн күтүп жатат

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү “достук өлкөлөр” менен мамиледе мындай учурларга орун берилбеши керектигин айтты.

2191976
Орусия Өзбекстандын билдирүүсүн күтүп жатат

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова мугалимдин окуучусуна карата катаал мамилесин көрсөткөн видеого байланыштуу Москванын Ташкенттен билдирүү күтүп жатканын айтты.

ЖМКнын маалыматына караганда, окуучу мугалимден сабакты орус тилинде өтүүнү суранган жана мугалим ага агрессивдүү реакция жасаган.

Захарова: "Видеонун мазмуну балага карата олуттуу тынчсызданууну жана боорукердикти туудурат. Биз өзбек тараптан расмий билдирүүнү талап кылдык",-деп айтты.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү “достук өлкөлөр” менен мамиледе мындай учурларга орун берилбеши керектигин айтты.

Москва ошондой эле өзбек администрациясынан болуп өткөн окуяга укуктук баа берүүнү жана күнөөлүүлөргө чара көрүүнү суранды. Захарованын айтымында, Орусия бул маселени кылдат байкайт.

Өзбекстандын балдар акыйкатчысы Сурайе Рахмонова бул маселе менен жеке өзү алектенгенин билдирди. Рахмонова 6-класстын окуучусу оор жаракат албагандыгын жана анын ден соолугуна коркунуч жок экенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар