Денкташты эскерүү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мурунку Президенти Рауф Денкташ өлүмүнүн үчүнчү жылында эскерилүүдө

183263
Денкташты эскерүү

Тышкы иштер министрлиги  Денкташ тууралуу жасаган билдирүүсүндө : "Рауф Денкташ бүткүл дүйнөдө жактырылган жана мамлекеттик кызматкер сыпаты менен тарыхта өзүнчө бир орунга ээ",- деп айтылды. 

Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө : "Өмүрүн Кипр түркүнүн жашоосуна арнаган маркум Денкташ Кипр түрк калкынын укук, теңдик жана эркиндигин Ата Мекен Түркия менен  пикир жана көңүл биримдиги ичинде жактаган",- деп айтылды.

"Бардык кыйынчылыктын ашылуусунда жогорку лидерликти көрсөткөн Рауф Денкташ бүткүл дүйнө жактырган лидерлик жана мамлекеттик кызматкер сыпаты менен тарыхта өзгөчө орунга ээ",- деп айтылган билдирүүдө жүргүзүлгөн күрөштүн аралда адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жолго  жетишүүсүнө себеп болуусу белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар