Орусияга киргизилген эмбарго Кыргызстанга да таасирин тийгизди
Рублдун наркынын түшүшү Кыргызстанда таасирин көрсөтүүдө.
Орусияга киргизилген эмбарго Кыргызстанга да таасирин тийгизди.
Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы киргизген экономикалык санкциялары, Бажы биримдигине кирүүгө даярданып жаткан Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жатат.
Эмбаргонун себебинен рублдун наркынын түшүшү Кыргызстанда таасирин көрсөтүүдө.
Кыргызстандын тышкы соодасында биринчи орунда турган Орусиядагы терс жагдай, кыргыз сомунун кунун жоготушуна жана инфляциянын өсүшүнө себепчи болууда.
Орусия Кыргызстан үчүн маанилүү экономикалык өнөктөш экенин эске салган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш, Орусиядагы ар түрдүү терс жагдай Кыргызстандын экономикасына да таасирин тийгизээрин айтты.
Тектеш кабарлар
Азербайжанда мурдагы кылмышкер полиция менен кагылышты
Азербайжанда издөө жарыяланган мурдагы туткун 3 полиция кызматкерин жана 1 жаранды өлтүрдү.