Бартында "Исмаил Гаспринский" сыйлыктары тапшырылат

Илхам Тохтинин камакта болгондугу үчүн ага "Исмаил Гаспринский" сыйлыгы тапшырыла албай турганы билдирилди.

173217
Бартында "Исмаил Гаспринский" сыйлыктары тапшырылат

Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык журналисттер коому тарабынан уюштурулган «Исмаил Гаспринский Бей» атындагы журналисттик жана адам укуктары сыйлыктары 1-ноябрда Бартында тапшырылат.
2014-жылдын ЮНЕСКО тарабынан «Исмаил Гаспринский» жылы деп жарыя кылынышынан улам 2014-жылдын 1-ноябрында Бартында өткөрүлө турган сыйлык тапшыруу аземинде Илхам Тохтиге Түрк дүйнөсүнүн журналисттик эркиндик сыйлыгы ыйгарыла турганы жарыяланды.
Илхам Тохтинин камакта болгондугу үчүн сыйлык өзүнө тапшырыла албай турганы билдирилди.
Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык журналисттер коомунун төрагасы Гүнгөр Явузаслан аземде уйгурлар үчүн дагы бир күтүлбөгөн нерсе боло турганын айтып, Түркияда жашаган жана азыр 7 гана жашта болгонуна карабастан ондогон улуттук жана жергиликтүү телеканалдарда, айрыкча Түрк дүйнөсүнүн иш-чараларында ыр айтып берүүсү менен Чыгыш Түркстандын жана уйгурлардын таанылышына чоң салым кошкон кичине Мүжахит Кашкарлыга да «Исмаил Гаспринский Бей» атындагы журналисттик жана адам укуктары сыйлыгы бериле турганын айтты.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглуна да сыйлык бериле турганын белгилеген Явузарслан, программага Эроглу менен катар Крым түрктөрүнүн легендарлуу лидери Мустафа Абдүлжемил Кырымоглу, Крым Татар Улуттук Мажлисининин төрагасы Рефат Чубаров, Азербайжан Улуттук Мажлисинин эл өкүлү Ганире Пашаева, Ирак түркмөн фронтунун лидери жана Керкүк эл өкүлү Эршат Салихи, Сириянын түркмөн мажлисинин төрагасы Абдуррахман Мустафанын катыша турганын билдирди.
Гүнгөр Явузаслан, Чубаров, Пашаева, Салихи жана Мустафанын да аземде Адам укуктары сыйлыгын ала тургандарын айтты.
Бартында 30-октябрдан 1-ноябрга чейин «Исмаил Гаспринский Бей» семинары өткөрүлөт. Семинардан кийин 1-ноябрда сыйлык тапшыруу аземи уюштурулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар