Каспий деңизин бөлүшөт

Беш өлкөнүн мамлекет башчылары эртең Орусиянын Атрахань шаарында жолугушат

168409
Каспий деңизин бөлүшөт

Орусиянын президенти В. Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Ирандын президенти Хасан Рухани, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов катыша турган 4 – Каспий саммитинин эң негизги темасын Каспий деңизинин укуктук статусу түзөт.
Андан мурда бир гана Советтер союзу жана Ирандын ортосунда бөлүнгөн Каспий деңизи союздун таркоосу менен көп сандаган өлкөнүн арасында кайрадан бөлүшүү сүйлөшүүлөрү башталды. Өлкөлөр аскердик жана геополитикалык пайдаларды, Каспийдеги бай нефть жана жаратылыш булактарынан дагы көп үлүш алуу үчүн статус тууралуу ушул күнгө чейин келишим түзө албады. Каспийге жээктеш болгон өлкөлөрдөн Орусия, Азербайжан жана Казакстандын деңиз түбүнүн бөлүнүшү тууралуу келишими бар. Бул тууралуу Иран менен Түркмөнстан макулдаша албастан Москва башкаруусу деңиз бетинин улуттук аймактарга бөлүнүүсүн жактап жатат. Каспийдин көл деп кабыл алынуусу керектигин жактаган Орусия бул жерден өтө турган түтүк жолдорунда болсо бардык өлкөлөрдүн макулдугун алууда катуу турат. Азербайжан, Түркмөнстан жана Казакстан бул сунушка жылуу карабай жатат.

 

 

 

 

 

 

 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар