Рабия Кадир : «Тохтинин эч кандай күнөөсүз экенин Кытай да билет"

Рабия Кадир АКШнын борбор шаары Вашингтондо суроолорго жооп берди

141614
Рабия Кадир : «Тохтинин эч кандай күнөөсүз экенин Кытай да билет"

Дүйнөлүк уйгурлар конгрессинин төрайымы Рабия Кадир АКШнын борбор шаары Вашингтондо болуп жаткан Биринчи Эл аралык уйгур маданияты жана коому конференциясында суроолорго жооп берди. Кытайда «бөлүүчүлүк» кылмышы менен соттолгон уйгур илимпоз Илхам Тохтиге берилген өмүр боюу абак жазасына баа берген Кадир : «Кытай бул чечим менен башкалардын дагы ушундай укугун талашуу аракетинде болбосун деп бул кишилерди үркүтүп, коркутуп жатат»,- деди.
Кадир Тохтинин эч бир кылмышынын болбогонун Кытайдын да билгенин белгилеп, Тохтинин эч бир кылмыш кылбаганын, уйгурлардын укугун талашканын айтты. Уйгурларга каршы Кытай башкаруусунун кысымы барган сайын күч алса да келечектен үмүттүү экенин айткан Кадир : «Тохтиге берилген бул туура эмес жаза оболу Кытайдын бул дүйнөгө эмне жасагысы келгенин көрсөттү. Биз айткандарыбыз менен туура чыктык. Укугубузду тынчтык жолдору менен жактасак да Кытай бизге кысым жасоодо, бизди өлтүрүүдө деп айтсак да дүйнө бизге ишенген жок. Эми бул бир мисал болду. Илхам Тохти менен бирдикте дүйнө бизге ишенет»,- деди.
Рабия Кадир эл аралык платформаларда Илхам Тохтини куткаруу үчүн абдан чоң кыймыл башташарын айтты.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар