Азербайжанда аскердик машыгуу өткөрүлдү

Аскердик машыгууга Түрк аба күчтөрүнө таандык 30га жакын учак жана тик учар катышты.

133237
Азербайжанда аскердик машыгуу өткөрүлдү


Түрк аба күчтөрү менен Азербайжан аба күчтөрү биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүштү.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, президент Илхам Алиев бекиткен пландын алкагында Түрк аба күчтөрүнө таандык 30га жакын учак жана тик учар Азербайжан армиясынын машыгуусуна катышты.
Азербайжандын коргоо министри лейтенант Закир Хасанов жана генштабдын төргасы лейтенант Нежмеддин Садыков аскердик учактар конгон аэропортко келип түрк учкучтар менен жолугушушту.
Түрк офицерлер азербайжандык министр жана командирлерге Түрк аба күчтөрү жана учактары туурасында маалымат беришти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар