Эроглу Ахмет Давутоглунун талапкер көрсөтүлүүсүнө баа бер
Эроглу : «Бири бирибизди абдан жакындан тааныган эки доспуз, ийгиликтүү болуусун каалаймын, ийгиликтүү болот»,- деди
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу тышкы иштер министри Ахмет Давутоглунун Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидерлигине талапкер көрсүтүлүүсүнө баа берди.
Дервиш Эроглу Кипр тема болгон конференцияга катышуу үчүн келген Трабзондо аэропортто өткөргөн персс – жыйынында Давутоглуна телефон чалып куттуктаганын айтты. Давутоглунун тышкы иштер министрлиги кызматын аткарып жатканда көптөгөн жолу кеңешишкендерин баса белгилеген Эроглу : «Бири бирибизди абдан жакындан тааныган эки доспуз, ийгиликтүү болуусун каалаймын, ийгиликтүү болот»,- деди.
Дервишоглу Нежмеддин Эрбакан фонду өткөргөн Кипр тууралуу конференцияда да БУУнун румдардын шайкеш келбегендигин көкүткөнүн айтты. Дервиш Эроглу : «Туура ой жүгүрткөн румдар ЕНОСИСтин болбой турганын көрүшүүдө жана ЕНОСИС кыялынан баш тартышы мүмкүн бирок фанатиктер азыр да ЕНОСИС болот деген кыял менен жашап жатышат. Румдардын терс мамиле кылуусуна БУУнун таасири бар»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Азербайжанда мурдагы кылмышкер полиция менен кагылышты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fdb9/67bb/4226/66503a197b7b4.jpg?time=1719289993)
Азербайжанда мурдагы кылмышкер полиция менен кагылышты
Азербайжанда издөө жарыяланган мурдагы туткун 3 полиция кызматкерин жана 1 жаранды өлтүрдү.