Кыргыздар Ванда да каада-салттарын улантышууда

Афганстандын Памир тоосунан Вандын Эржиш районуна 32 жыл мурда көчүп келишкен кыргыздар, салт-санааларын бул жерде да улантып жатышат.

100195
Кыргыздар Ванда да каада-салттарын улантышууда


Афганстандын Памир тоосунан 1982-жылы Түркияга көчүп келишкен кыргыздар, Эржиш районундагы Улупамир айылында жашашат. Кыргыздар жыл сайын өткөрүшкөн фестивалдар менен катар үйлөнүү үлпөттөрүндө да каада-салттарын сактап калууга аракет кылышууда.
Өзгөчө 2003-жылдан бери Кыргызстанда улуттук спорттун түрү катары кабыл алынган Көкбөрү оюнун жаштарга жеткирүүгө аракет кылган кыргыздар, үйлөнүү үлпөттөрүндө ойношкон бул оюн менен атка минүү чеберчиликтерин да көрсөтүшүүдө.
Көкбөрү оюнунда атчандар эки тарапка бөлүнүшүп, жерге ташталган улакты эңип алып атаандаштарга тарттырбастан белгиленген марага алып келип ташташат. Кыргыздын улуттук ат оюну көкбөрү илгертен бери чоң салтанаттарда, майрамдарда, аш-тойлордо өткөрүлгөн.
Түркиянын Ван аймагындагы кыргыздар 32 жылдан ашуун убакыттан бери Түркияда жашап жаткандары үчүн абдан кубанычта экендиктерин сөз кылышты.
Анадолу Агенттигине маек куруп берген Саим Варол каада-салттарын Түркияда да улантып жаткандары үчүн кубанычта экендиктерин баса белгилеп, Улупамир айылында жашагандарына карабастан бир гана күнүмдүк кийимдеринде кичине өзгөрүүлөр болгонун айтты.
Варол: «Маданиятыбызда кандайдыр бир өзгөрүү болгон жок. Үйлөнүү тойлорунда жаштарыбыз аттары менен улак тартып каада-салттарыбызды сактап калууга аракет кылышат. Биз дагы оюнду кызыгуу менен көрөбүз»,- деп кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар