Түрк басма сөзү  24.05.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2143636
Түрк басма сөзү  24.05.2024

«Хабер түрк» гезити «Тышкы иштер министри Хакан Фидан : «Европа Биримдиги менен карым  - катнаштарыбызды ар дайым алдыга жылдырууну каалайбыз» деген кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын кечээ Европа Биримдигинин Коңшулук жана кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархели  менен өткөргөн пресс  - жыйынында Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси тууралуу : «Түркия бир гана Европа Биримдигине эле эмес, бир бөлүгү болгон союздаштыктарына күч кошот. Биз ар дайым Европа Биримдиги менен мамилелерибизди алдыга жылдырууну каалайбыз",- дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Вархели билдирди : Түркия менен соодада рекордго жетишилди» деп билдирип, Европа Биримдигинин Коңшулук жана кеңейүү боюнча жооптуу комиссары Оливер Вархелинин кечээ министр Фидан менен өткөргөн пресс  - жыйынында Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы сооданын рекордго жеткендигине токтолгонун жазган. Вархели : «Өткөн жылы соода көлөмү жактан рекордго жеттик. 200 миллиард евродон жогоруладык»,- деди.

«Ватан» гезити «Швейцария басма сөзү Реисинин тик учагын тапкан АКЫНЖЫ тууралуу жазды» деген макаласында Түркиянын Ирандын президенти Ибрахим Реисинин тик учагы кырсыкка учураган жерди табуусу Швейцариянын басма сөзүндө кенен орун алганын баяндаган. Neue Zürcher Zeitung гезити кабарында  «Түркия учкучсуз учуучу аппараттарын өндүрүүдө канчалык жөндөмдүү экендигин дагы бир жолу дүйнөгө көрсөттү» деп жазды.

«Сабах» гезити «Гөктепе  - 2де бургулоо иштери башталды» деп жазып, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын ​​Кара деңиздеги бургулоо иштерине байланыштуу билдирүү жасаганын белгилеген. Жаңы ачылыштар үчүн аракетке өткөндөрүн айткан министр Байрактар: «Фатих бургулоочу кемебиз Сакария газ талаасында Гөктепе - 2  скважинабызда бургулоо иштерин баштады»,-деди.

«Стар» гезити «Министр Эрсой : Түрк ашканасы даамынчалык терең бир казына» деген кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Эрсойдун Түркиянын гастрономия туризми тууралуу : «Түрк ашканасы даамынчалык тереңдиги казына. Кылымдарды камтыган билим жана тажрыйба алмашуунун жемиши болгон бай ашканабыз тарых бою ар түрдөнүү  менен бүгүнкү күнгө чейин сакталып келди.  Бул уникалдуу кенчти туура тааныштыруу биздин артыкчылыктуу милдетибиз», -дегенин белгилеген.



Тектеш кабарлар