Түрк басма сөзү 18.09.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2188487
Түрк басма сөзү 18.09.2024

«Стар» гезити «Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясында 14-жолу сөз сүйлөйт» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын 24-сентябрь шейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында 14-жолу сөз сүйлөй турганын билдирген. Сөз сүйлөөсүнүн негизги күн тартиби Израилдин Газага геноциддик кол салуулары болмокчу. Президент Эрдоган эл аралык коомчулукту Израилдин кол салууларына каршы турууга чакырат.

«Сабах» гезити «Фидан АКШнын Мамлекеттик департаментинин саясий иштер кеңешчисинин орун басары Бассты кабыл алды» деген маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын кечээ АКШнын Мамлекеттик департаментинин административдик иштер кеңешчиси жана саясий иштер кеңешчисинин орун басары Жон Басс менен жолугушканын жазган.  

«Хабер түрк» гезити «Кызыл жана боз» категориясында изделген террористтер жок кылынды» аттуу кабарында ички иштер министри Али Йерликая кечээки билдирүүсүндө, Кызыл категорияда издөөдө жүргөн «Хебун Пиро Амед» каймана аттуу Зырав Таш жана боз категорияда издөөдө жүргөн "Ботан" каймана аттуу Фехми Башкурттун жок кылынганын кабарлаганын жазган.

«Хүррийет» гезити «Таймдын дүйнө гиганттары тизмесинде төрт түрк фирмасы» аттуу маалыматында дүйнөнүн эң абройлуу кабар жана саясат журналдарынын бири TIME тарабынан даярдалган "Дүйнөнүн эң мыкты компаниялары-2024" тизмесине Түркиядан төрт компания киргенин билдирген. Сабанжы Холдинг 405-орунга кирип, түрк фирмалары арасында биринчиликти алды. Коч Холдинг 499-орунду ээлеген тизмеде Акбанк 820-орунда, ал эми Энка 887-орунда жайгашты.

«Ватан» гезити «Анталья аэропортунда жүргүнчү рекорду» аттуу кабарында туризмде быйыл бардык мезгилдердин рекордун жаңылаган Антальяда август айынын аягына чейин 11,7 миллион чет элдик турист кабыл алып, Анталья аэропортундагы жалпы жүргүнчү агымы болсо 26 миллион 628 миңден ашканын билдирген.



Тектеш кабарлар