Түрк басма сөзү 17.09.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2188086
Түрк басма сөзү 17.09.2024

"Хабер түрк" гезити "Эрдоган жасалма интеллект менен  чыгарылган "Бойкот" аттуу ыр менен палестинага колдоо көрсөттү" деген кабарында, президент Режеп Таййип Эрдогандын жасалма интеллект менен чыгарылган "Бойкот" аттуу ырды бөлүшүп Палестинага колдоо бергендигин жазган. Эрдоган : "Алардын асыл жана намыстуу каршы чыгуусуна колдоо берүүнү улатнабыз",- деди. 

"Ватан" гезити "Түркия куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары рыногунда лидер өлкө болду" деп билдирип, акыркы жылдарда дүйнөлүк армиялардын ТБ2, АКЫНЖЫ, АНКА сыяктуу түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарына болгон кызыгуусу артып, Жаңы Америка Коопсуздук Борбору аттуу мекеменин жүргүзгөн изилдөөсүнүн Түркиянын  2021 - жылдан тарта куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар секторунда лидер өлкө болгонун көрсөткөнүн баяндаган. 

"Стар" гезити "Старлинкке түрк атаандаш келе жатат"  деген маалыматында  Байкар аткаруу кеңешинин төрагасы Селчук Байрактардын "улуттук  GPS үчүн Илон Масктын Старлинк долбоорунда болгондой төмөнкү орбитага спутник жиберишерин билдиргенин кабарлаган. Бардык нерсенин даяр экендигин айткан Байрактар : "Максат  100 спутник",- деди.

"Хүррийет" гезити "ПТТ дүйнөнүн 210дөн ашуун жерине жиберилет" деген макаласында транспорт жана ифраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун ПТТнын (Почта жана телеграф уюму) дүйнөнүн 210дон ашуун жерине эл аралдык почта жана жүк жибергендигин айтканын билдирген. 

"Йени шафак" гезити "Түркиянын эң чоң көлүндө чоң ачылуу" деп жазып, буга чейин  18 метрге жакын дүйнөнүн эң чоң микробиалити аныкталган Ван көлүндө жаңы бир ачылышты ачып,  34 метр  60  сантиметрдик микробиалиттин табылгандыгын жазган. 

 

 



Тектеш кабарлар