Түрк басма сөзү 19.09.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
Түрк басма сөзү 19.09.2024
«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Түркия курулуш тармагында экинчи орунда» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын эң күчтүү тармактарынын бири курулуш экенин айтканын жазган. Эрдоган: "Кытайдан кийин компаниялардын саны боюнча 2-орундабыз",- деди.
«Йени шафак» гезити «Эрдоган:Түрк өнүмдөрү кирбеген өлкө калбады» аттуу кабарында президент Эрдоган экспорттогу ийгиликке көңүл бурганын маалымдаган. Түрк өнүмдөрү кирбеген өлкө калбаганын айткан Эрдоган: "Экспортту 36 миллиард доллардан 256 миллиард долларга чейин жогорулаттык",-деп билдирди.
«Хабер түрк» гезити «Түркия менен Швециянын ортосундагы Коопсуздук механизми боюнча жолугушуу кийинкиге калтырылды» аттуу кабарында кечээ Анкарада өткөрүлмөк болгон Түркия менен Швециянын ортосундагы Коопсуздук механизми боюнча жолугушуу, швециялык министрлерди алып бара жаткан учактын бузулушунан улам кийинкиге калтырылганын маалымдаган. Швециянын Тышкы иштер министрлиги жолугушуу үчүн жаңы күн белгиленерин билдирди.
«Ватан» гезити «Түркиянын Израиль үчүн бажы системасы жабык» деген кабарында Соода министрлиги: "Израилге карата экспорт жана импорт үчүн каттоодон өткөн эч кандай бажы декларациясы же Израилден өлкөбүзгө келген эч кандай жүк жок" деген билдирүү жасаганын кабарлаган. Министрлик "Израиль үчүн бажы системасы жабык" деген маалыматты бөлүштү.
«Стар» гезити «Түркия-Египет жакындашуусу Ливия үчүн да мүмкүнчүлүк» деген кабарында Ливиянын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Акила Салих өлкөсүндөгү кризисти чечүү үчүн Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашууну мүмкүнчүлүк катары көрөрүн айтканын жазган. Салих ошондой эле Түркия-Египет жакындашуусу Ливиядагы чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгарылышын да жеңилдеткенин белгиледи.