Түрк басма сөзү 22.12.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2079599
Түрк басма сөзү 22.12.2023

«Хабер түрк» гезити «Борбордук банктын резервдеринде жаңы рекорд» деген кабарында Түркия Республикасынын Борбордук банкынын дүң резервдериндеги өсүүнүн уланып жаткандыгын жазган. Борбордук банктын жалпы резервдери 142,5 миллиард доллар менен  жогорку чекке жетти. Май айынын аягынан тарта резервдер 44,1 миллиард долларга өстү.

«Йени шафак» гезити «Түркия электрлүү унаа жана аккумулятор тармагында өндүрүш базасы болот» деп жазып, Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын Кытайдын борбор шаары Пекинде кытайлык кесиптештери менен жолугушкандыгын маалымдаган.  Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтык, өзгөчө электромобилдер жана аккумулятордук инвестициялар тууралуу сөз болду. Министр Кажыр : «Түркияны электрлүү унаа жана аккумулятор тармагында өндүрүш базасы кылууну каалайбыз»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия тышкы энергияга болгон көз карандылыгын токтотот» деген макаласында жаратылыш газ жана  мунай тапкан Түркия, Габар аймагында рекорд жаңыртууда. Түркиянын Габардагы мунай өндүрүшү 30 миң баррелден ашты. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​: «Жаңы ачылыштар менен Түркиянын бул тармактагы тышкы көз карандылыгын токтотобуз»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркия логистикада пайдалуу өлкө» деп билдирип, президенттиктин стратегия жана бюджет боюнча төрага орун басары Кутлухан Ташкындын  Түркиянын логистика жагынан чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ география экендигин айтканын баяндаган. «Өлкөбүз  жалпы 1 миллиард 400 миллион калкы бар 67 өлкөнүн  4 сааттык учуу менен бул өлкөлөрдүн улуттук кирешеси жалпысынан 40 триллион долларга жетти. Биз логистика жагынан чоң мүмкүнчүлүктөрү бар географиядабыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдорунун башкы директору Экшиге Бразилиянын мамлекеттик ордени берилди» деген кабарында Түркия менен Бразилиянын ортосундагы соода жана маданий карым  - катнаштардын бекемделишине кошкон жана пандемия мзгилиндеги эмгектеринен улам түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экшиге Бразилиянын мамлекеттик орденинин берилгендигин  жазган. Экши «Бул орденди пандемия мезгилинде баары көчөгө чыгуудан корккон бир чөйрөдө хирургиялык халат менен өз ишин аткарган командаларыбыз жана ошол эле аракет менен иштеген 80 миңден ашуун кесиптешибиздин атынан алып жатам»,- деди.



Тектеш кабарлар