Түрк басма сөзү 22.11.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2067174
Түрк басма сөзү 22.11.2023

«Сабах» гезити : «Эрдогандын Алжирдеги билдирүүсү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Алжирдеги билдирүүсүндө: «Жалпы жазаландырууга айланган жана согуш кылмыштарын кылган Израилдин кол салууларын кабыл албайбыз. Газада туруктуу ок атышпоо жана гуманитардык жардамдын аймакка үзгүлтүксүз жетүүсүн камсыз кылуу негизги максатыбыз»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түркиянын Газа үчүн үчүнчү эвакуация планы» аттуу маалыматында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, 50 кишилик бейтап тизмесин даярдашкандарын жана алдыдагы күндөрдө Газадан үчүнчү эвакуациянын ишке аша турганын билдиргенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Мугалим Селчук 'Дүйнөдөгү 10 ийгиликтүү жаштардын' бири» аттуу кабарында мугалим др. Селчук Юсуф Арсландын, Эл аралык Жаш Лидерлер жана Ишкерлер коому (JCI) тарабынан «Дүйнөнүн 10 Ийгиликтүү Жаштарынын» бири болуп тандалганын билдирген. «Айлана-чөйрөнү коргоо жана адеп-ахлактык лидерлик» тармагында дүйнөдө биринчиликти алган Арслан бул сыйлыкты алган биринчи түрк мугалими болду.

«Ватан» гезити «Дин тарыхына терең таасир эте турган ачылыш» аттуу кабарында Амасиядагы Олуз дөбөсүндө жүргүзүлгөн казууларда Мед Падышалык дооруна таандык экени аныкталган болжол менен 2600 жылдык курмандык чалынуучу жай табылганын жазган. Казуу бөлүмүнүн башчысы проф. др. Шевкет Дөнмез: «Мед жана Перс доорунда от культуна таандык курмандык чалынуучу жайлардын жана храмдардын табылышы Кичи Азиянын диний тарыхына жана археологиясына терең таасир эте турчудай»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Сот» сериалы Эмми сыйлыгын алды» аттуу кабарында быйыл 51-ирет өткөрүлгөн Эл аралык Эмми сыйлыктары Нью-Йоркто жеңүүчүлөрүн тапканын жазган. "Сот" деп аталган сериал Эл аралык Эмми сыйлыгына татыктуу деп табылды.



Тектеш кабарлар