Түрк басма сөзү  27.10.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2054920
Түрк басма сөзү  27.10.2023

«Йени шафак» гезити «Аль Жазирадан Түркия тууралуу көңүлдөрдү бурган анализ» деген кабарында борбору Катар богон Аль Жазиранын Түркия тууралуу  анализ жүргүзгөндүгүн белгилеген. «Хамас жана Израиль менен байланышы болгон аз сандагы өлкөлөрдүн бири болгон Түркия туруктуу тынчтык үчүн сүйлөшүүнү каалайт»,- деп айтылган анализде Түркия үчүн : «Дүйнөнүн чечилбеген кагылышууларынын бирине туруктуу тынчтыкты алып келүү үчүн потенциалдуу ортомчу»,- деген сөздөр колдонулган.

«Стар» гезити «Түркиядан Газа үчүн жардам билдирүүсү» деп жазып, Газа үчүн жардам материалдарын ташыган учактардын Египетке жеткендиги тууралуу билдирүүдө Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын : «Улутубуздун атынан бул жоопкерчликти орундатуудан кубанычтуубуз. Гуманитардык жоопкерчилигибиз бул жерде акырына чыккан жок, улантылат»,- дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Фидан : Кавказияда чечүүчү жол тынчтык келишими» деген маалыматында Ирандын борбор шаары Тегеранда Түштүк Кавказ аймактык кызматташтык платформасынын жыйынына катышкан тышкы иштер министри Хакан Фидандын Түркиянын Кавказда туруктуу тынчтыктын түзүлүшү үчүн аймактык маселелердин диалог аркылуу чечилүүсүн жактаганын айтканын баса белгиледи. Фидан: «Аймактык тынчтыкка жана туруктуулукка карай жол Азербайжан менен Армениянын ортосунда кол коюлган кеңири тынчтык келишиминен өтүүдө»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Швециянын НАТОго мүчөлүгү Түркия Улуу Улуттук Парламентинде» деген макаласында Швециянын НАТОго кирүү протоколуна президент Режеп Таййип Эрдогандын кол коюп, Түркия Улуу Улуттук Парламентине өткөргөндүгүн  кабарлаган.

«Хүррийет» гезити «Габарда күнүмдүк өндүрүлгөн нефть көлөмү» деп жазып, Түрк мунайзат шериктештигинин Шырнактын Габар тоосунда табылган  мунай аянтында күнүмдүк 25 миң баррель мунай өндүрүүгө жетишилгендигин билдирген.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар