Түрк басма сөзү  8.09.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2034677
Түрк басма сөзү  8.09.2023

«Хүррийет» гезити «Фидан : Африка менен кызматташуубуз барган сайын өсүүдө» деген кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Алжирдин тышкы иштер министри Ахмед Аттаф менен жолугушуусунан кийин өткөргөн пресс -  жыйынында : «Түркия катары акыркы  20 жылдан бери Африка демилгелерибизди көп тараптуу улантуудабыз. Түркиянын эксплуатациялоо же үстөмдүк кылуу сыяктуу максаты жок. Биз бардык тараптарга мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн кызматташтык моделин ишке ашырууну улантып жатабыз. Кызматташтыгыбыз күч алууда»,- дегенин жазган.  

«Йени шафак» гезити «Столтенберг Түркиянын аракеттерин ыраазычылык менен кабыл алабыз» деп билдирип, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Европа Парламентиндеги биргелешкен комитет жыйынында : «Түркиянын дан келишиминин кайрадан турмушка ашырылышына карата аракеттерин ыраазычылык менен кабыл алабыз»,- дегенин билдирген.

«Стар» гезити «150 миллиард метр куб жаратылыш газ» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын : «Түркиянын 2028 - жылга чейин жылдык 150 миллиард метр куб жаратылыш газ киргизүү мүмкүнчүлүгү болот»,- дегенин маалымдаган.

«Ватан» гезити  «Дүйнө банкынан Түркия экономикасына колдоо» деп жазып, Дүйнө банкынын Түркия директору Хумберто Лопестин : «Экономиканы турукташтыра турган саясаттарды ишке ашырууда Түркияны коштоодо  чечкиндүүбүз»,-дегенин баяндаган.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропорту Европанын эл эң көп болгон аэропорту» деген макаласында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун Стамбул аэропортунун июль айында жүргүнчү агымы 16,5 пайыз өсүү менен Европанын биринчи аэропорту жана 7 миллион 446 миң 1 жүргүнчү менен эл көп эң көп болгон экинчи аэропорт болгонун белгилегенин кабарлаган.



Тектеш кабарлар