Түрк басма сөзү 9.08.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2022048
Түрк басма сөзү 9.08.2023

«Йенишафак» гезити «Чек аранын тышына операциялар уланат» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, террордук уюмдарга каршы чек аранын тышына операциялардын улана турганын баса белгилегенин билдирген. Эрдоган: «Ирак жана Сирия турукташкан сайын качкындардын ыктыярдуу, коопсуз жана татыктуу кайтышы да тездейт», - деди.

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Түркия Орусия-Украина кризисин чечүүдө негизги өлкө» аттуу маалыматында Орусия-Украина согушунун биринчи күнүнөн тарта Түркиянын тең салмактуу жана акыйкаттуу позицияны карманганын белгилеген президент Эрдоган: «Өлкөбүз бул кризистин чечилишинде негизги өлкө»,-дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Эрдагандан Батыш өлкөлөрүнө чакыруу» аттуу кабарында президент Эрдогандын, 17-июлдан тарта токтотулган дан коридору демилгесинин масштабын кеңейтүү менен кайрадан ишке ашырылышы үчүн сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын айтканын жазган. Эрдоган бул маселенин мындан ары туңгуюкка кептелбестен чечилишинин батыш өлкөлөрүнүн убадаларынын аткарылышына байланыштуу экенин билдирди.

«Стар» гезити «АКШдан Түркия билдирүүсү» аттуу маалыматында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түркиянын Кара деңиз дан келишиминдеги иштиктүү ролунун жылуу кабыл алынганын билдиргенин баяндаган. АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркиянын Орусияга Кара деңиз дан келишимине кайтуусу үчүн жасаган кысымына АКШнын ыраазы экенин билдирди.

«Сабах» гезити: «Дан кризисин чечүүдө Түркия маанилүү» аттуу кабарында Дубайдагы Al Arabiya кабар каналы президент Эрдогандын дан кризиси тууралуу Батышка билдирүүсүнө көңүлдөрдү бурганын жазган. Эрдогандын Батышты эскерткенин баса белгилеген Al Arabiya: «Эрдоган Батыштын Украина данына байланыштуу берген убадаларын аткарышын талап кылды»,- деди. Израилдик i24 News каналы да кыйраган системанын ичинде Түркиянын «негизги оюнчу» экенине басым жасады.  



Тектеш кабарлар